Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынан турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын билдирди.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Он-Эки-Бел айылынын мурдагы башчысы (Т.К.Э.), жер маселелери боюнча мурдагы адис (К.И.Э.), айылдык кеңештин мурдагы спикери кармалды.
Бул ишке тиешеси бар делген Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин депутаты (К.Д.Т) жана айылдык кеңештин мурдагы депутаты (М.К.А.) кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө камак жайына 30-июнга чейин камалды.
Ушул тапта турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуудан мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Шектүүлөрдүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Данияр Үсөновго тийиштүү деген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу маселеси көтөрүлдү Садыр Жапаров өзүн сындагандарды сотко бербей турганын айттыЗеленский: "Донбасстын тагдыры Северодонецкиде чечилет"Тажикстанда журналисттерге кол салуу фактысына байланыштуу кылмыш иш козголдуСтамбул шаарында этноспорт фестивалы башталдыАба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайтHRW эл аралык коомчулукту "Талибанга" каршы чараларды күчөтүүгө чакырдыУКМКнын тергөө абагындагы Казакпаев ооруканага жаткырылды