Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Данияр Үсөновго тийиштүү деген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу маселеси көтөрүлдү


Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт.
Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго тиешеси бар делген жер тилкеси боюнча маселе бүгүн 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Дастан Бекешев шаардын “Түштүк дарбазасы” жактагы Байтик баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чүй токой чарбасына тийиштүү 20 гектар жер мыйзам боюнча мамлекетке караштуу экенин, аны 2000-жылдардын башында ижарага беришип, кийин 2005-жылы айыл өкмөтү курулуш компанияларынын бирине бекер өткөрүп берип койгонун айтты.

Депутаттын билдиришинче, ал курулуш компаниясы мурдагы өкмөт башчыга тийиштүү болчу.

“Данияр Үсөнов ошол жердеги 20 гектарды алып алган. 2005-жылы айыл өкмөтүнүн буйругу чыккан, ошону жокко чыгарыш керек. 2021-жылы Башкы прокуратура казып баштап, сотко берген. А сотто өзү колдобой, баш тартты. Соттун чечимине эч ким каршы чыккан жок, ошондой эле жатат”,-деди депутат.

Бекешев сөз болуп жаткан курулуш компаниясынын аталышы “Прайм-Курулуш” экенин айтты.

Мындай аталыштагы компания депутаттын айткандары боюнча комментарий бере элек.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзөрү кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG