Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Стамбул шаарында этноспорт фестивалы башталды


Түркиянын Стамбул шаарындагы этноспорт фестивалына отуздан ашык өлкөдөн спортчулар катышууда. Алар көк бөрү, жаа тартуу, ордо, тогуз коргоол сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча күч сынашат. Этноспорт маданият фестивалында кырктан ашык боз үй тигилип, түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн концерттик программасы болот.

Быйыл бешинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара Дүйнө этноспорт конфедерациясынын колдоосу менен өтүп жатат. 9-июлда башталган фестиваль 12-июнда аяктайт.

Бул иш-чарада Түркияда жашаган түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн көргөзмөсү да уюштурулду.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында башталары кабарланган. (ElB)

XS
SM
MD
LG