Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан 8-июнда Сингапур курама командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү.
Беттештин 1-таймы 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 55-мүнөттө Сингапур оюнчусу Ю Янг Сонг эсепти ачты. 77-мүнөттө Сингапур оюнчусу Кыргызстандын жарым коргоочусу Виктор Майерге карата эреже бузуп, калыс пенальти белгиледи. Валерий Кичин топту дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. 80-мүнөттө Виктор Майер Сингапурга 2-голду киргизди.
Дагы караңыз Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыктыФутбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Тажикстан жана Мьянма командалары менен ойнойт.
Бүгүн, 8-июнда бул тайпада 1-турда Тажикстан жана Мьянма командалары беттешип, оюн тажикстандыктардын пайдасына 4:0 эсебинде аяктады.
Кыргызстандын футболчулары алдыда 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстан менен беттешет. Азия кубогунун тандоо оюндары жалпысынан алты тайпада өтүп жатат.
Тайпада лидер болгон алты команда жана экинчи орунду алган беш мыкты команда бир жылдан кийин Кытайда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алат. Кыргызстан буга чейин 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. (ECh)
Дагы караңыз
Укук коргоочулар: Иранда 12 адам жапырт өлүм жазасына тартылдыЖаңы окуу жылынан тарта мектептерде диндердин тарыхы окутула баштайт"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Андрей Кузнечик Беларуста алты жылга кесилди Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту