Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Укук коргоочулар: Иранда 12 адам жапырт өлүм жазасына тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда адам өлтүрүүгө жана маңзатка байланыштуу эркинен ажыратылган 12 киши жапырт өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган уюм (IHRNGO) чогулткан далилдерине таянып билдирди.

7-июнда таратылган маалыматка ылайык, өлкө чыгышындагы Захедан шаарында 11 аял жана бир эркек жапырт дарга асылган. Окуя 6-июнда болгон.

«Алардын баарын дарга асууга даярдоо үчүн 4-июнда өз-өзүнчө камераларга которушкан»-деп жазылат "Ирандагы адам укуктары" уюмунун билдирүүсүндө.

Бирок бул тууралуу Ирандагы бир да маалымат каражаты жазган эмес.

Укук коргоочулар буга чейин Ирандагы этникалык жана диний азчылыктардын, өзгөчө күрд, араб жана белужилердин арасында дарга асылгандар көп экенине тынчсызданып келишкен.

«Ирандагы адам укуктары» уюму чогулткан маалыматтар көрсөткөндөй, 2021-жылы дарга асылгандардын 21% белужилер түзгөн. "Болгону 2-6% иран улутундагылар" экени баяндамада жазылат.

Адам укуктары жаатындагы айрым булактар мурдараак маалымдагандай, Ирандагы өлүм жазалардын 85% «жашыруун жүргүзүлөт жана коомго ачык чыгарылбайт».

Белужи азчылыгы Иран калкынын 2% же 1,48 миллион адамды түзөт.

XS
SM
MD
LG