Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:39

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Андрей Кузнечик Беларуста алты жылга кесилди


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечик.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечик.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечикти беларус соту экстремисттик уюм негиздеген деп айыптап, алты жылга эркинен ажыратканын анын үй-бүлөсү билдирди.

Журналисттин жакындарынын айтымында, 8-июндагы жабык жараянда Могилев облустук соту бир нече сааттын ичинде ишти карап, өкүм чыгарууга жетишкен.

"Андрей жабык сот жараянында бир нече сааттын ичинде күлкүлүү айыптар менен соттолду. Ага каршы айыптоолор камалгандан кийин жарым жылдан соң пайда болгон. Биз Андрейдин токтоосуз бошотулушун талап кылабыз",-деди “Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай.

Ал беларус өкмөтүнүн өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы кадамдарын сындап, Кузнечик «кылмышкерлердин тизмесине эмес, бул мыйзамсыз режимдин туткундарынын тизмесине кирерин» кошумчалады.

43 жаштагы журналист 26-ноябрда кармалган. Ал алгач бейбаштыкка айыпталып, 10 суткага камалган. Андан соң камактагы мөөнөтү дагы он күнгө узартылган. Ошондон кийин гана аны экстремисттик уюм түзүүгө айыпташкан.

Кузнечиктин жакындарынын айтымында, журналист ага тагылган дооматтардын баардыгын четке кагууда.

Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко 2020-жылы августта болгон президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон тарта Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан каршылык акциялары өткөн.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да болгон.

XS
SM
MD
LG