Президент үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

“Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул “Камбар-Ата-1”, “Кумтөр” экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан эле.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. (BTo)

Дагы караңыз

Берлинде автоунаа топтошкон кишилерди сүзүп кеттиЗулушевдин маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдүНур-Султанда Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыгыштыИранда поезд кырсыгы 20дай кишинин өмүрүн алдыTemirov LIVE каналынын кызматкери боюнча арыз райондук сотто каралмай болдуШаардык сот Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты