Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч канааттандырылган жок.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Ниязовдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда быйыл апрелде 18-июнга чейин деп аныкталган.
Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар учурунда бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.
Кой-Таш жана 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча кармалгандар арасынан азыр абакта Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана калышты. Атамбаев бул иштерден тышкары козголгон “Батукаев ишине” байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. (RK)
Дагы караңыз
"Табарсыгы жарылып кеткен". Аскерде сабалган жоокердин абалы оорСот Жээнбекованын жер боюнча ишинин эскирүү мөөнөтүн алдыСеверодонецкиде салгылашуу уланууда, Лисичанск аткылоого туш болдуМеркел: Орусиянын Украинага кол салышы - олуттуу трагедия