Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

"Табарсыгы жарылып кеткен". Аскерде сабалган жоокердин абалы оор


ӨКМ аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
ӨКМ аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Беловодское айылындагы ӨКМге караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Жоокердин ур-токмокко кабылганы ал №4 ооруканада операция болгондо гана аныкталган. 1-июнда токмок жеген жоокер адегенде Беловодское айылында, кийин республикалык ооруканада текшерүүдөн өткөн. Деми кыстыгып, кыйналып жатканына байланыштуу ага пневмония деген диагноз коюлган.

8-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйын өткөрүп, окуяга байланыштуу ӨКМдин алты аскер кызматкери иштен четтетилгенин билдирди.

"Жети айда офицерлерге 36 миң сомдук бирдик салдым"

Азыр ооруканада дарыланып жаткан Бекзат кызмат өтөгөн жети ай ичинде тынымсыз ур-токмокко кабылганын, коркутуулардын айынан жалпы 36 миң сомго офицерлерге бирдик салып бергенин айтууда. Акыркы жолу сабалганда прапорщик "600 сом бирдик салып бербейсиң" деп ур-токмокко алды дейт.

“Мага "бирдик салып бер" деп айтты. Үйдөгү апама чалып, айтайын дегем. Бирок апамдын буту сынып, өзү кыйналып турганынан боорум ачып, айта албай койдум. Ошол учурда телефон менен сүйлөшүп жатканымды көрүп калган дагы бир офицер прапорщикке: “Сенин солдаттарың телефон көтөрүп, бой көтөрүп калыптыр” деди. Ошого мени 20 мүнөт сабады. Анан постту өткөргөндөн кийин кечки саат 23:00дөн тартып таңкы 9га чейин сабады. Көзүм илинип кетсе, каракушка келип чаап-чаап жиберип жатты. Мени сабаган жерде видео камера жок эле”.

Бекзаттын Бишкектеги №4 шаардык ооруканада дарыланып жатканына төрт күн болду. 1-июнда сабалган жоокерди аскер бөлүктүн фельдшери карап, денесиндеги көгаланы көрмөксөнгө салганын, шишиги күчөп кеткенде гана Беловодскиге медиктердин кароосуна алып барганын айтты. Жергиликтүү дарыгерлер Бекзатта пневмония бар деп, Бишкекке жөнөткөн.

Бекзат Беловодски айылындагы №86123 аскер бөлүгүнүн командири Ырыспек Жолдошбаев ооруканага жаткыргандан кийин "ур-токмокко алынганын эч кимге айтпагын" деп эскерткенин айтууда.

20 жаштагы Бекзат Эсенбековдун абалы азыр орто. Бирок ден соолугун калыбына келтирүү үчүн алты айдан кем эмес реабилитация, жакшы медициналык кароо керектигин анын дарыгери Рамис Усенбеков “Азаттыкка” билдирди.

“Эсенбеков Бекзатты 4-июнда алып келишти, биз карап чыккандан кийин операция жасадык. Анын табарсыгы жарылып кеткен. Күнү-түнү медиктердин кароосунда болуп жатат. Мындан сырткары өпкөсүнөн адегенде 600 грамм суу алынган, андан кийин дагы 200 грамм суу алынды”.

7-июнда жоокердин катуу сабалышына шек саналып келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери Т.Жаныбек уулу кармалып, кылмыш иш козголгон.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйында алты аскер кызматкери тергөөнүн жыйынтыгына чейин ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилгенин билдирди.

“Биз жоопкерчиликтен качпайбыз. Бул окуяга тиешеси бар аскер кызматкери жазаланат. Ал эми Бекзаттын аскердин күбөлүгү тууралуу айтсам, тийиштүү медициналык комиссия иш алып барат, алар чыгарган бүтүмгө ылайык Бекзатка аскер билетин берүү же бербөө маселеси чечилет”.

Жоокердин энеси Алмакан Смаилова уулу сабалгандан кийин кыргыз армиясына ишеними кеткенин айтууда.

"Дени соо баланы аскерге жибергем, оору баланы алдым. Эне катары азыр "Эмне үчүн?" деген суроого жооп издеп атам. Бала операция болгонго чейин силер келип, андан кабар алган жоксуңар. Сабалган балдарды аягында суицид болду деп жаап-жашырып коюп атасыңар. Ушундан кийин балаңарды Кыргызстандын армиясына кантип ишенип жибересиңер?".

Армияда талкаланган ден соолук
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

"Ачыктык жок жерде зомбулук күч"

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта кыргыз армиясында аскерлердин бири-бирине чоңсунуп, зомбулук көрсөткөн учурлары тыйылбай келүүдө.

Жоокерлердин укуктарын сотто коргоп келе жаткан “Кылым шамы” уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан.

Уюмдун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова ошол жылдары аскер бөлүктөрүнө коомдук көзөмөл күчөп, уруп-сабоо жана өлүмгө жеткирген окуялар кыйла азайганына токтолду. 2017-жылдары аскер бөлүктөрүнүн ишин көзөмөлдөө татаалдап, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кирүүсүнө тыюу салынгандан кийин каргашалуу окуялар кайталана баштаганын белгиледи.

"Ошон үчүн коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жарандык коомдун, журналисттердин аскер жайларына кирип, шарты менен таанышып турууга мүмкүнчүлүк түзүү керек. Аскер прокуратурасын Башкы прокуратурадан бөлүп, кылмыштарга катаал чара көрө тургандай кылып ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл. Аскердик бөлүктөрдөгү дарыгерлерди Саламаттык сактоо министрлиги карашы керек. Эмесе алар командирлердин буйругунан чыга албай, жарадар болгон, сабалган окуяларды жабык кармап жүргөн окуялар аябай көп".

Жоокердин аёосуз сабалышы коомчулукта кызуу талкууланууда.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек "бекем тартип сакталган" аскердик бөлүктөрдө маселелер ачык талкууланбагандыктан, зордук-зомбулук кайталанып жатат деген пикирде.

"Мен эки балама "убагы келгенде армияга барасыңар, элиңерди коргойсуңар" деп кулагына куюп жүрөм. Эми ушундай шарттагы аскер бөлүккө балаңды кантип жибересиң? Аскерлер зордук-зомбулукка кабылып жатса, ал жакта кызмат өтөө кантип ыйык милдет болот? Ушул сыяктуу жоопсуз суроолор өтө көп. Мунун баары маселе ачык талкууланбай, жабык кармалганы үчүн чыгып жатат. Ушундай окуяларда жооптуу офицердин жазага тартылганын эч укпайбыз. Эгер мыйзамдуулук болбосо, зордук-зомбулук мындан да күчөп, нормалуу көрүнүшкө айлана берет".

Катаал "экзамен", кыйылган өмүрлөр

Май айында бир аскердин жоокерди аёосуз сабап жатканы тууралуу видео тараган. Коргоо министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берип, "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнө жоокерлерди кабыл алуу учурундагы "экзамен" деп атаган.

Интернетке жарыяланган тасмадан камуфляж кийген бир адам экинчисин ал бир канча жолу теңселип жыгылып калганына, туруштук бере албай жатканына карабай башка-көзгө, бөйрөк тушка аёосуз соккулап, ичине, бутуна тепкилеп жатканы көрүүгө болот. Аларды ондогон адам тегерете курчап турганы, "Исман чыдап кой, тур, бетти тос, карма! деп" кыйкырып, кубаттап-коштогону тартылган.

"Видеодо келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр тартылган. Алар мындай сынакка өз эрки менен катышат. Мындай иш-чара күжүрмөн даярдыктын алкагында жылына өткөрүлөт. Ага Жалал-Абад горнизонундагы 40 аскер кызматкери катышкан. Финалга 15 гана адам өттү", - деп айтылган министрлик тараткан маалыматта. Бирок Коргоо министрлиги сынак учурундагы мелдеште сабалган жоокердин саламаттыгы тууралуу маалымат берген эмес.

"Илбирс" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн бул "экзамени"сынга кабылган. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев мындай көрүнүштөр армияга болгон терс маанайды жаратарын айткан.

"Социалдык тармактарда аскерге барган жаңы баланы ур-токмокко алып жатканы тартылган видео чыкты. Эми муну көргөн, баласын аскерге жөнөтөм деген ата-энелер кандай ойдо калды? Биз Коргоо министрлигине каражат бөлүп берип, аны балдарды мекенди коргоого, курал кармоого тарбиялагыла деген ниет менен кылсак булардын балдарга карата мамилеси, тарбиясы ушундай болуп жатат. Армияда эмнеге суицид болот десе, көрсө анын себеби ушул экен да. Бул соцтармакка тарап кеткен видео, ал эми чыкпаганы канча?", - деген Токтошев.

Бир нече жыл бою аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген "Кылым шамы" укук коргоо уюму аскерде каза тапкан жоокерлердин өлүмүн иликтөө толук кандуу жүрбөйт деген тыянак чыгарган.

Уюмдун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Андан кийин канча жоокер таяктан майып болуп же каза тапканы тууралуу маалымат жок. Төмөндө ЖМКга жарыяланып, элге белгилүү болгон учурларды гана санай кетели.

  • 2021-жылы август айында Жалал-Абад облусундагы Чек ара кызматынын №2027 аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган аскер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы маалымдаган. Ага "төшүнө ок тийген" деген диагноз коюлуп, абалы канааттандырарлык деп бааланган.
  • 2021-жылы сентябрь айында №19 колониянын аскер кызматкери Рустам Иманов каза болгон. Адегенде анын өзүн-өзү атып алганы айтылып, кийин катардагы жоокердин огунан каза болгону маалым болгон. Ал эми кылмышка шек саналып жаткан жоокердин туугандары анын кыйноого кабылганын билдирген.
  • 2021-жылы 5-январда Бишкектеги №702 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Бексултан Адылбек уулу асынып алган. Ушул эле аскердик бөлүктө ага чейин дагы бир жоокер өзүнө кол салган. .
  • 2022-жылы 10-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алып, ок тийген 19 жаштагы жоокер каза болгон.

2018-жылы "Азаттык" радиосу "Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял..." аттуу атайын иликтөө тарткан. Анда Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлерди аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алганы, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу кеп болот. Кордук көргөн жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууга аргасыз болгон.

Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы мындан кийин "Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, үч аскер кызматкери: ага лейтенант, старшина жана прапорщик камалган. Бирок 2019-жылы 4-июлда Чүй облустук сотунун чечими менен үчөө тең абактан бошотулган.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту буга чейин аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG