Укук коргоо органдары “Кыргыз темир жолун” текшерип жатат

Кыргыз темир жолу.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысы Азамат Сакиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Башкы прокуратура жана Эсеп палатасы мекеменин ишмердигин текшерип жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 7-июнда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, укук коргоо органдары “Кыргыз темир жолу” ишканасын мурдагы кызматкер Курманжан Орозбековдун арызынын негизинде текшерип жатат.

Комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов айрым кызматкерлер жумуштан мыйзамсыз алынган учурлар бар экенин айтты.

“Транспорт министрлигинин даамын татып калган адамдар ушул күнгө чейин эле “Кыргыз темир жолунда” жүрөт дейт. Эгерде ишканага бир же 10 пайыз менен эле акционер болуп кирип алса байып кетет. Силер ушул нерсеге алып баратасыңар”, - деди Тазабек Икрамов.

Азамат Сакиев 2021-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын 100 кызматкери оптимизация болгонун, бирок алар укук коргоо органдарына, депутаттарга арызданып жумушчаларды кыскартуу иши аксап жатканын билдирди.

Жыл сайын “Кыргыз темир жолу” аркылуу 7 млн. тоннадан ашык жүк ташылып турат. Маалыматка ылайык, ишканада беш миңдей кызматкер иштейт. (BTo)

Дагы караңыз

Украинада каза болгон орус аскерлеринин тизмеси купуя сыр деп таанылдыБорис Жонсон өз кызматында калдыПедофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору каралатГендердик зомбулукка каршы акциянын жыйынтыгы чыгарылат