Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Борис Жонсон өз кызматында калды


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

6-июнда Улуу Британиянын парламентинде консерваторлор фракциясынын мүчөлөрүнүн Борис Жонсонго ишеним көрсөтпөө боюнча жашыруун добуш берүүсү анын пайдасына чечилди.

Кызматында калышы үчүн Жонсон өз пайдасына партия өкүлдөрүнүн добуштарынын кеминде жарымын жана дагы кошумча бир добушун, башкача айтканда, 180ден кем эмесин алышы керек болчу, натыйжада аны 211и колдоп, 148и каршы чыгышты.

Саясат талдоочулардын пикиринде, Жонсон жеңилген жок, бирок мындай натыйжа ал үчүн буга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырганда төмөнүрөөк.

Эми, партиянын эрежеси боюнча, ишеним көрсөтпөөгө байланыштуу бир жыл бою эч кандай добуш берүү жүргүзүлбөйт.

Жонсон Орусия Украинага кол салган согушта украин тарапты активдүү колдоп келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG