Орусияда сот Украинада каза болгон орусиялык аскер кызматкерлеринин аты-жөнү жазылган тизмени мамлекеттик купуя сыр деп тааныды. Светлогорск шаарынын сотунун чечими менен Псковдогу 60.RU басылмасынын сайтына жарыяланган тизме купуя сыр деп аныкталгандан кийин Новосибирсктеги NGS.RU, Красноярсктагы NGS24.RU жана Омск шаарындагы NGS55.RU порталдары каза болгон орус аскерлеринин тизмесин сайтынан алып коюшту.
Басылмалар тизмени ачык булактардагы расмий маалыматтардан чогултушканы белгилүү болгон.
60.RU сайтына каршы арыз менен сотко Орусиянын Балтика флотунун аскердик прокуратурасы кайрылган.
Орусия Украинага басып киргенден бери согуш токтой эле. Украин тарап жок кылынган орус аскерлеринин саны кеминде 31 миң экенин билдирүүдө. Орус тарап 1351 аскерин жоготконун 25-мартта расмий түрдө айткандан бери бул маалыматын жаңылай элек. (RK)