Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясын мэриянын билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иликтейт. Ага райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери киргенин шаардык бийликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда бир бала сууга чөгүп кеткен. Комиссия бул окуяга мектеп жамаатынын тиешеси бар жогун териштирет.
6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп кетип каза болгон 3-класстын окуучусунун өпкөсүнө суу толуп калган. Кырсыкка байланыштуу аквапарк убактылуу жабылды. (BTo)
Дагы караңыз
"Азаттыктын" журналисти эл аралык сынактан жеңдиАлматыдагы мелдеште кыргызстандык балбандар төрт алтын медалга ээ болдуАКШда Өзбекстандын жараны террордук уюмду колдогону үчүн 15 жылга кесилдиПутин Украинадагы жаңы буталарга сокку урулушу мүмкүндүгүн эскерттиИранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жеттиАлдын ала жыйынтык: Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү добуш бергендердин 77% колдодуСеверодонецкиде украин күчтөрү кайрадан сүрүлө баштады