Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

"Азаттыктын" журналисти эл аралык сынактан жеңди


 Сабыр Абдумомунов
Сабыр Абдумомунов

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү уюштурган "Кайра калыбына келчү энергия булактарына өтүү - көмүртек нейтралдулугуна жетишүү үчүн биздин салым" деп аталган экологиялык эл аралык сынакта "Азаттык" радиосунун журналисти Сабыр Абдумомунов 1-орунду алды. Сынактын жыйынтыгы 6-июнда жарыяланды.

Сабыр Абдумомунов менен Бектурсун Стамкулов даярдаган "Жашыл энергияга жол тапкандар" деп аталган видео материалда жылуулукту үнөмдүү пайдаланган үй-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө жол тапкандар тууралуу баяндалат.

Экинчи орунга Казакстандан Яна Каримова менен Өзбекстандан Назира Умарова ээ болду. Үчүнчү орунду Vremya.kg, "Акчабар" агенттиктеринин кабарчылары алды.

Сынакка жалпысынан Борбор Азиядан 52 журналист катышкан. Жеңүүчүлөр Нидерландга климаттын өзгөрүүсү, жашыл энергия жаатында тажрыйба топтоп келүүгө жолдомо алышты. (BCh)

Жашыл энергияга жол тапкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:44 0:00

XS
SM
MD
LG