Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Северодонецкиде украин күчтөрү кайрадан сүрүлө баштады


Северодонецк шаарындагы чет элдик легиондун аскерлери. 2-июнь, 2022-жыл. Луганск облусу.
Северодонецк шаарындагы чет элдик легиондун аскерлери. 2-июнь, 2022-жыл. Луганск облусу.

Донбасстагы Северодонецк шаарында украин күчтөрү кайрадан орус армиясынын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай 6-июнда билдирди. Ишембиде украин күчтөрү калаанын дээрлик жарымын кайра өз карамагына кайтарганы белгилүү болгон.

"Биздин коргоочулар кайсы бир убакытка каршы чабуулга өтүп, шаардын дээрлик жарымын бошотуп алышкан. Бирок кырдаал биз үчүн кайрадан начарлап кетти",-деди Гайдай.

Ал орус армиясы туш келди артиллериялык чабуулун эки эсе көбөйтүшү мүмкүн экенин эскертти.

Орус аскерлери ошондой эле Донецк облусундагы Славянск жана Святогорск шаарларына чабуулдарын күчөтүшкөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

6-июндун таңында Николаев шаарында жардыруулар болгонун калаа мэри Александр Сенкевич Телеграм-каналга жазды.

Өлкө чыгышында салгылашуулар уланып жаткан маалда украин президенти Владимир Зеленский Запорожьеге барып аскерлер менен жолугуп, аларга кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми 5-июндун кечинде салгылашууда орусиячыл жикчилдердин жогорку даражалуу кол башчысы мерт кеткенин украин аскерлери билдиришти. Бул маалыматты орусиялык журналист Александр Сладков да ырастап, генерал-майор Роман Кутузов качан жана кандай шартта набыт болгонун ачыктаган эмес.

Ал эми украин армиясы 5-июнда тараткан билдирүүдө Кутузов Луганск облусунун Попасная шаарынын жанындагы кармашта жок кылынганы жазылган.

Москва Украинага согуш ачкан 24-февралдан бери бир нече орус генералы мерт кеткени менен, Кремл төртөөнүн өлүмүн гана расмий бышыктаган.

XS
SM
MD
LG