Орусиянын борбору Москвада "Гранд Сетунь Плаза" деп аталган ири кеңселик борбордо өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык башкармалыгы ырастап, кеминде 120дай адам куткарылганын маалымдады.
“Интерфакс” маалымат агенттигинин булактары имараттын жогору кабаттарында адамдар камалып калышы мүмкүндүгүн билдирди. Куткаруучулар бизнес-борбордогу калган кызматкерлерин издеп жүрүшкөнү кабарланды.
Адистер имарат синтетикалык материалдар менен капталгандыктан өрт имараттын биринчи-төртүнчү кабаттарына толук тарап кеткенин айтып жатышат. Өрттү өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков өзү көзөмөлдөп жүрөт.
Өрт түшкө жуук чектөөгө алынды. Кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Алгачкы версия катары имараттын сыртындагы жарыктардын электр зымдарынын чапташып калганынан болушу айтылууда. Ошол эле маалда атайылап от жагуу версиясы да каралууда.
"Гранд Сетунь Плаза" бизнес-борбору Москванын батыш тарабында "Молодежная" метросуна жакын жайгашкан. Имарат 10 кабаттан турат. (ErN)
Дагы караңыз
Чек арадагы атышууда Кыргызстандын эки чек арачысы жарадар болдуУкраинадагы согуштун башталганына 100 күн болдуОшто адамдарга тиш салган иттен кутурма аныкталдыЧек арада ок атышуу токтоду, жараат алгандар бар