Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Ошто адамдарга тиш салган иттен кутурма аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарында 17 адамды капкан жолбун иттен кутурма илдети аныкталганын калаанын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборунун өкүлү Дилорам Исламова билдирди.

3-июнга карата ит тиш салгандардын саны 19га жеткен.

1-июнда Ош шаарында жолбун ит 17 адамды каап, алар ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын ону жаш балдар болгон. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, эмдөөдөн өтүшкөн.

Былтыр 19-сентябрда Ош шаарында 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылган болчу. (AAb\JsA)

XS
SM
MD
LG