Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Украинадагы согуштун башталганына 100 күн болду


 Украинанын талкаланган айылдары. Луганск облусу, Украина.
Украинанын талкаланган айылдары. Луганск облусу, Украина.

Орусиянын Украинага басып киргенине 3-июнда толук 100 күн болду. Учурда айыгышкан кармаштар Донецк жана Луганск облустарынын административдик чек араларында, Херсон жана Харьков облустарында уланып жатат.

Украин президенти Владимир Зеленский түнкү кайрылуусунда Луганскинин Северодонецк шаарында алардын аскерлери аз-маз ийгиликке жетишкенин билдирип, бирок кырдаалды “өтө оор” деп баалады. Президент согуштун 100 күндүгүнө байланыштуу Киевдеги кеңсесинин алдында 3-июнда билдирүү таратып, алар аягына чейин согушарын айтты.

“Фракция лидери, президенттин кеңсесинин башчысы, премьер-министр Шмыгаль ушул жерде, Подоляк да, президент да ушунда. Биздин командабыз мындан да чоң. Куралдуу күчтөрүбүз да ордунда. Эң маанилүүсү, элибиз ушул жерде. Биз Украинанын 100 күндөн бери коргоп жатабыз. Жеңиш биз тарапта болот! Украинага даңк!”-деди Зеленский.

Расмий органдар шаардын 80% орус аскерлери көзөмөлдөп турганын маалымдашкан.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 3-июнга карата басып алынган Херсондун бир бөлүгүн бошотуп, орус күчтөрүн 8 чакырымга чейин артка сүрүп чыгарышканын билдирди.

Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянуу менен Москва 100 күндүн ичинде башында койгон стратегиялык максаттарынын бирине да жете албаганын кабарлады.

Талдоочулардын пикиринде, АКШнын убада кылган техникасы Украинага жеткенче бир нече апта убакыт талап кылынышы ыктымал. Андыктан шайды оодарган тиреш создугушу мүмкүн.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг тиреш жүдөтүп-алсыратуу согушуна айланганын айтууда.

2-июнда украин президенти Владимир Зеленский Люксембургдун парламентинде жасаган видео кайрылууда Орусия ушул учурга чейин Украинанын 20% аймагын басып алганын айткан.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган үч айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар өлдү. Эки тараптын кагылышуусунан ошондой эле миңдеген аскерлер кырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG