Атамекендик инвесторлордун бири Кубан Ажимудиновго оор айып тагылып, камакта отурат. Адвокаттар ишкерди дээрлик үч жылдан бери абакта кармоо одоно процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирип келет.
"Акнеттин" азыркы абалы кандай? Ээлери чачырап кеткен соң жүз миллиондогон кирешеси таланып-тонолуп жатабы? Ажимудиновдун тарапташтары бул кылмыш ишин "буюртма" деп эсептеп, анын артында "таасири күчтүү" адамдар турганын айтышат.
"Акнет" компаниясы 1998-жылы түзүлгөн, Кыргызстандагы интернет байланыш жана санарип телевидение кызматын көрсөткөн ири оператор болуп эсептелет. Учурда документ түрүндө Аскар Кутанов, Руслан Абдумажитов жана Кубан Ажимудинов аттуу жарандардын ээлигинде. Бирок 2018-жылы башталган ич ара мүлк талашкан чырдан жана бийлик, укук коргоо органдары жана "каралар" өңдүү сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн улам үчөө үч тарапка чачырап кетти. Кутанов чет өлкөдө дарыланып жүрсө, Р.Абдумажитов өнөктөшү К.Ажимудиновдун үстүнөн арыз жазып каматып, өзү чет өлкөгө чыгып кеткени айтылат.
26-майда Ленин райондук соту "Акнет" интернет операторунун негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчтү караган жок. Айыпталуучунун карындашы Гүлнара Ажимудинова ишкерди абакта мыйзамсыз кармап отурушканын айтат.
"Мындай мыйзамсыздык жасап жатышса, каяктан сот адилеттиги болот? Бошотконго негиздердин баары толтура. Жазык-процессуалдык кодексте тергөө абагында "бир жылдан ашык кармоого болбойт" деп жазылып турат. Өзү оорукчан, "жүрөк гипертониясынын 3-стадиясы, өтө жогорку тобокелдикте" деген өкмөттүн токтомунда бакыйып турат. Андан башка дагы оорулар турат. Андай кишини камакта кармоого болбойт деп жазылган. Экономикалык мунапыска да кирген. Ишкерлерди камакта кармабаш керек. Тескерисинче, кармап атышпайбы. "Мынча миллиондорду төлөп аттың" деп, мамлекеттин агама билдирген ыраазычылыгыбы? Акыйкат качан болот?!".
Кыргызстандагы ири интернет оператор "Акнет" компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудинов 2019-жылдын 28-майында камалган. Ортодо эки жолу кыска мөөнөткө эркиндикке чыгып, кайра тергөө абагына киргизилген. Ага жалпысынан "Салыктан качуу" жана "Мекемени басып алуу" деген беренелер менен эки кылмыш иши козголуп, анын ичинде бир нече эпизоддор бар.
"Акнет" интернет оператору 1998-жылы түзүлгөн, учурда документ түрүндө Аскар Кутанов, Руслан Абдумажитов жана Кубан Ажимудинов аттуу жарандардын ээлигинде. Бирок үч жыл мурда башталган ич ара мүлк талашкан чырдан жана бийлик, укук коргоо органдары жана "каралар" өңдүү сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн улам үчөө үч тарапка чачырап кеткен. Кутанов чет элде дарыланып жүрсө, Абдумажитов өнөктөшү Ажимудиновдун үстүнөн арыз жазып каматып, өзү чет өлкөгө чыгып кеткени айтылат.
Расмий документтер боюнча, компанияны алгач Аскар Кутанов, Кубан Ажимудинов жана Юрий Величук аттуу жарандар түзгөн. 2007-жылдын 17-августунда Ю.Величук негиздөөчүлүктөн чыгып, 33.33% үлүшүн К.Ажимудиновго акысыз өткөрүп берген.
Ал үлүштү К.Ажимудинов ошол эле жылы октябрь айында келишимдин негизинде Р.Абдумажитовго белек кылып берген. Абдумажитов 2020-жылы журналисттерге курган маегинде бул үлүштү Ю.Величуктан сатып алганын билдирген, бирок далилдөөчү документ көрсөткөн эмес.
Абдумажитов менен Ажимудинов компанияда дээрлик 10 жыл өнөктөш болгондон кийин, 2018-жылы ич ара пикир келишпестик чыгып, чырдашып кеткен. Аткаруучу директор кызматын аркалап келген Р.Абдумажитов компаниянын президенти Ажимудиновду ишканадагы "бийликти узурпациялап алды, өзү каалагандай башкарып жатат" деп сындаган.
Ажимудинов болсо Абдумажитовду "ишканага ири зыян тарттырган финансылык көз будамайлоого барган" деп айыптаган. Кийин чырга бийликтеги жана укук коргоо органдарындагы таасирдүү кызматтагылар, ага катар "каралардын" өкүлдөрү да аралашып, талаш-тартыш болуп көрбөгөндөй татаалдашкан.
Дагы караңыз «Акнет иши»: Адвокаттар президентке кайрылыштыСалыктан качуу айыбы
Алгачкы жолу Ажимудиновго "салыктан качкан" деген тагылып, 2019-жылдын 28-майында камалган. Анын үстүнөн арызды бизнес-өнөктөшү Абдумажитов жазган. Ишти тергеген Каржы полициясы компаниянын салыктан карызын 150 млн. сом деп эсептеген. Аны төлөтүп алгандан кийин Финпол жоюлуп кеткен. Андан соң президент Жээнбековдун тапшырмасы менен кылмыш иши Ички иштер министрлигине өтүп, алар кайра иликтеп, текшерүүнүн жыйынтыгында дагы 616 млн. сом салык төлөнбөгөнүн жарыялашкан.
Бул иш боюнча ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков өз пикирин мындайча билдирген:
"Акнет" дегенде өткөндө ГСБЭП (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы - ред.) 125 млн. сомду текшерди. Мен ишенбей, ачык айтайын, ИИМге бердирдим. Азыр 713 млн. сом чыкты бир компаниядан. Ушинтип салыкты жашырып атса, биз кантип анан элдин астындагы милдетти аткарабыз? Мугалим, врачтарга кантип айлыкты көтөрөбүз? Кантип пенсияны көтөрөбүз? Бир компанияныкы 713 млн. болуп атса. Азыр ошол дагы саясатташпадыбы. "Рейдерство кылып атышат, басып алышты, минтип алды, компанияны Жээнбековдун тегереги алып жатат" деп жазышты".
Ажимудиновдун тарапташтары аны абакта "мыйзамсыз, процессуалдык одоно бузуулар менен кармап отурушат, бул иштин артында бийликтеги таасирдүү адамдар турат" деп эсептешет. Айыпталуучунун иниси Нурлан Ажимудинов "кызыкдар тараптар компаниянын акчасын талап-тоноп жатышат" деп эсептейт.
"Абдумажитовдун арты менен укук коргоо органдарына, сотторго А.Салиев айткан да. Жээнбековдун мезгилинде бүт баарын ошол уюштурган. Бирок азыр улантып атпайбы кайра эле. Жаңы президент келди, бирок эч кандай жылыш жок болуп жатпайбы. Булардын максаты агамды чыгарбай, акчаны жей бериш керек. Мына берки эки негиздөөчү жок. Арыз жазган Р.Абдумажитов Канадага качып кетти, А.Кутанов болсо Польшада. Баары чыгып кетишти, азыр бул жакта эч ким жок. "Акнеттин" ээси жок. Агам эле бул жакта, аны чыгарбай, акчасын жеш керек да. Ал жакта ай сайын акча түшүп жатат".
Абакта кармоонун ачакей түшүндүрмөсү
Кубан Ажимудинов 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолор учурунда абактан чыккан. Бирок көп өтпөй, 23-ноябрда"Акнет" компаниясынын "имаратын басып алды" деп айыпталып кайра камалган.
2021-жылдын 8-апрелинде баш коргоо чарасы үй камагына алмашылган. Бирок эртеси 9-апрелде кайра камакка алынган. Ошондон бери бир жылдан ашык Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган. Кийин белгисиз себептер менен айыпталуучуну оор кылмыштар менен соттолгондор жана өмүр бою абакка кесилгендер кармалуучу №50 колонияга которушкан.
Ажимудиновдун тарапташтары анын II типтеги кант диабети, III стадиядагы гипертониялык дарт өңдүү бир топ оор илдеттерден жабыркап жатканын, өкмөттүн №296 токтому боюнча андай айыпталуучулардын баш коргоо чарасы камактын башка, жеңил түрүнө алмаштырылышы зарыл экенин белгиешет.
Адвокат Абас Мамбетакунов тергөөчүлөрдүн дагы, соттордун дагы иштеринде "одоно мыйзам бузуулар" болуп жатканына прокуратура чара көрбөй, жаап-жашырып жатканын билдирди.
"Мисалы, тергөө убагында, сотко чейинки өндүрүштө биз сотторго кайрылганбыз. Соттор мыйзамга эч кандай негиздебей туруп "жок, туура" деп чечим чыгарып коюшту. Бирок мыйзамда башкача көрсөтүлгөн. Соттун иш-аракеттери боюнча "кылмыш ишин козгогула, бул жакта кылмыш курамы бар" деп прокуратурага жазып атабыз. Карамак түгүл, жооп да беришпейт. Мына менин кесиптешим И.Айткулов көзөмөлдөөчү прокурордун, Ибраимов деген тергөө судьясынын жана тергөөчүлөрдүн үстүнөн "кылмыш иш козгогула" деп арыз жазган. Такыр жооп жок. Караганы өздөрүнө берип коюптур. Бул жакта баарын жаап-жашыруу болуп жатат".
Башкы прокуратуранын Жазык жана процессуалдык сот өндүрүшү башкармалыгынын башчысы Азизбек Шүкүрбеков айыпталуучунун баш коргоо чарасындагы процессуалдык бузууларга сот гана жооп берерин билдирди.
"Бизге азыр соттолуучу адамдын адвокаттары кайрылган. Бирок ал жерде биз кандайдыр бир чечим чыгара албайбыз. Иш соттун кароосунда. Соттук отурумда биз жөн эле тараппыз. Мамлекеттик айыптоону биз колдойбуз, болду. Ал камакта канча отурат, кандай абалда, ден-соолугу кандай – муну сот чечиши керек. Жазык-процессуалдык кодекстин 303-беренесинде так жазылган. Ошол жерди окуп эле жаза бергиле да".
Прокурор шилтеме кылган Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 303-беренесинин 4-пунктунда "камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин камакта кармалып турган айыпталуучу камакта турган жердин администрациясы тарабынан прокурорго билдирүү менен токтоосуз бошотулууга тийиш" деп жазылган.
Ошол эле кодекстин 116-беренесинин 2-пунктунда "айыпталуучуну камакка алууга жол бербеген жана медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Айыпталуучуларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеги Министрлер кабинети тарабынан бекитилет" деп көрсөтүлгөн.
Бул иш боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүлү Айсулуу Жаасынова "Азаттыкка" төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:
"Оор кылмыш иши катары эсептелгендиктен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-декабрындагы токтому менен айыпталуучу Кубан Ажимудиновго карата баш коргоо чарасы 2022-жылдын 20-февралына чейин камакка алуу түрү тандалган. Андан кийин 2022-жылдын 10-февралында ошол эле райондук соттун токтому менен айыпталуучунун баш коргоо чарасы Ленин райондук соту ишти өз өндүрүшүнө кабыл алганга чейин өзгөрүүсүз калган. Бишкек шаардык соту бул токтомду күчүндө калтырган. Мындан улам, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, иш сотко келип түшкөн күндөн өкүм, аныктама, токтом чыкканга чейин судья айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу. Ошондуктан, айыпталуучу К.Ажимудиновду камакта кармоо чарасы иштин сотко келип түшкөн учурунан баштап эсептелет", - деп билдирет соттун өкүлү.
Талашка түшкөн киреше
“Акнет" компаниясынын 2018-жылга чейинки ишмердигинде 910 млн. сом дивиденд чогулганы маалымдалган. 2019-жылы дивиденд үч негиздөөчүгө бөлүштүрүлгөн. Андан Ажимудиновго 30 млн. сом тийген. Чогулган акчанын мындай бөлүштүрүлүшү жана чечим кабыл алуу тартиби Ажимудиновдорду нааразы кылган. Алар бул чечимди бардык негиздөөчүлөр бирге кабыл алышы керектигин айтып, эки өнөктөшүнүн чечиминин мыйзамдуулугунан күмөн санаган.
"Акнеттин" юристи Азамат Асанбеков компаниянын дивидендин устав боюнча жөнөкөй көпчүлүк менен бөлсө болорун билдирди. Бирок уставдын 7-беренесинин 3-пунктунда "фонд түзүү жана колдонуу режимин аныктоо, кирешени бөлүштүрүү, чыгашаны жабуу тартибин аныктоо" өңдүү чечимдерди бардык негиздөөчүлөрдүн жалпы макулдугу менен кабыл алуу белгиленген.
Ажимудиновдун карындашы, ишеним каты менен иш алып барган Гүлнара Ажимудинованын айтымында, компаниянын финансылык отчету, каржылык операциялары тууралуу маалыматты сураган каттарына жооп ала албай келет.
"Тогуз жүз миллионду бөлүштүрөбүз деп алгач өкүлдөр, андан кийин эки негиздөөчү чечим кабыл алышкан. Устав боюнча эки негиздөөчүнүн андай укуктары жок болчу. Анткени уставда "100% негиздөөчүлөрдүн бирдиктүү макулдугу менен" деп жазылып турат. Үчөө тең келип, баары макул дегенде, ошондо бөлүштүрүлмөк. Кубанга билдирүүнү атайын салган жок. Ал келе алмак эмес. Алар негиздөөчүнүн өкүлдөрү катары мен – карындашы, иниси бар экенин билишет, жактоочулар бар. Эч кимибизге жыйын болот деп билдирүү жөнөтүшкөн жок. Акырын, жашыруун жыйын өткөрүшүп, өздөрүнүн кишисин жаңы президент кылып шайлап алышты. Ошондон бери акчанын дайынын билбей жатабыз. Мисалы, процессте миллиондогон суммалар ар кайда кетип жатканы айтылып жатат. Бизде ошол каякка кетип жатат деген чоң суроо турат. Биз канча жолу кат менен кайрылдык, ондон ашык жолу мекемеге жаздык. Мекемеден жооп жок. Президенти Абасканов "сиз менен сүйлөшкөнгө укугум жок, мага тыюу салышты" деп айтып жатат. Ал эмне деген президент, негиздөөчүнүн өкүлү менен сүйлөшө албаган?"
"Акнет" компаниясынын 2018-жылга чейинки чогулткан таза кирешеси 910 млн. сомду түзгөн болсо, жетекчилиги алмашкан 2019-жылдан берки тапкан кирешеси, алардын негиздөөчүлөргө кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат жок. 2019-жылга чейинки акыркы үч жыл менен, андан кийинки 3 жылды салыштырганда, казынага төккөн төлөм мурдагы жылдарга караганда бир кыйла өскөнү көрүнөт.
Маселен, "Акнет" компаниясы өлкө бюджетине 2016-жылы 110,1 млн. сом, 2017-жылы 133,4 млн. сом, ал эми 2018-жылы 227,9 млн. сом кириштеген. Андан кийинки жылдары бул көрсөткүчтөр 2-3 эсеге чейин өскөн.
2019-жылы өлкө бюджетине 311,4 млн. сом кириштеген болсо, 2020-жылы пандемиядан улам бул көрсөткүч бир кыйла азайып, 215,3 млн сомду түзгөн. Ал эми 2021-жылы мамлекеттик казынага төлөгөн төлөмдөрүнүн суммасы 320,3 млн. сомду көрсөтөт.
"Акнеттеги" талаш-тартыштар, Руслан Абдумажитовго байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн анын адвокаты Рустам Абдурауфовго бир нече жолу кайрылганыбызда, адегенде "30 мүнөттөн кийин" жооп бермей болду. Бирок андан кийин телефонду көтөрбөй, жазган каттарга жооп бербей койду.
Компаниянын президенти Нурбек Абасканов менен телефондон байланышууга жасаган бир нече аракетибизден майнап чыккан жок. Анын кызматкерлери да бизди байланыштыра албай коюшту. Ал эми "Акнет" компаниясынын юристи Азамат Асанбеков 2020-жылдын 6-октябрда болгон окуяларды мындайча түшүндүрөт.
"6-октябрь күнү түштөн кийин бул жакта жумушчулар үйлөрүнө кеткен болчу. Кеңсе бош болчу, кароолдор эле турган. Жетекчилик жана 2-3 адистер отурган. Келип, мында кылабыз, тигиндей кылабыз, чыккыла" деп айткан экен. Мен да жок болчумун, сотто болчумун анда. Компанияны иш жүзүндө ээлеп алышкан. Мисалы, мени түрттү, мага карата күч колдонду. Аткаруучу директор бар эле, аны коркутушту. Тапанча менен аткан жери жок, танка менен баскан жери жок. Бирок келип коркутуп "муну бергиле, тигини өткөзүп бергиле" деген тасмалар бар. Жетекчилер "мындай басып алуу болду" деп кайрылды. Укук коргоо органдары карашты, кылмыштын курамы бар экен. Кылмыш-жаза кодексинде жоопко тарта турган белгилер бар экен деп иш козгоп атат да".
"Акнетти" айланчыктаган "каралардын" карааны
2019-жылы "Акнет" компаниясынын ошол кездеги президенти Кубан Ажимудиновдун иш кеңсесине кирип, ишкананын үлүшүн жана кирешелерин бөлүшүүнү талап кылган Эрнест Рысманов аттуу жарандын тасмасы коомчулукта кызуу талкууланган. Рысманов ал жерде Руслан Абдумажитов компаниядагы 33.33% үлүшүн ага берүүгө даяр экенин, болбосо күчкө салса да аларын билдирген. Ажимудинов анын айтканына көнбөсө, "тиешелүү адамдардын кайрылуусу аркылуу Финпол компанияны текшерип, түйшүккө саларын" эскерткен. Кийин ал айткандай эле Абдумажитовдун арызынын негизинде Финпол "Акнетке" каршы кылмыш ишин ачып, ири суммадагы мыйзам бузууларды тапканын жарыялаган.
Дагы караңыз «Акнеттен» чуулуу видео чубалып чыктыАжимудиновдор Рысмановдун кылганын президенттин администрация жетекчисинин ошол кездеги орун басары Алмамбет Салиев менен «Акнеттин» аткаруучу директору Абдумажитовго байланыштырган. Алар президенттин айланасындагы таасирдүү адамдар «караларды» жана аны менен катар укук коргоо органдарын колдонуп, компанияны Ажимудиновдон тартып алгысы келип жатканын билдирген. Нурлан Ажимудиновдун пикиринде 2020-жылкы октябрь окуяларында «Акнеттин» кеңсесин «каралар» менен байланышы барлар кайтарган.
«Иш козголо электе алгач байкеме келгендеги видеодо жүрбөйбү Эрнест Рысманов деген. Ошол «каралардын» бирөө да, ошол келип «жаман болот» деп коркуткан да. Анын сөзү бүт баары айткандай эле болуп атпайбы. Рысманов жөн келбейт да, бирөөгө таянган. 7-8-октябрда ал жакта чатырлар туруп калды. Биздин билгенибиз боюнча ал жакка спорт менен машыккан балдарды чакырып, атайын тургузуп коюшту. Менин оюмча ал жакка «каралар» келишкен».
"Азаттыктын" Алмамбет Салиев менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Анын пикирин дагы коомчулукка угузуу үчүн микрофон берүүгө даярбыз.
Эрнест Рысманов деген ким? Абдумажитов менен байланышы кандай? Бул суроолор коомчулук үчүн толук түшүнүктүү эмес, бирок айрым эпизоддордо алардын жолу кесилишкени көрүнөт.
Улуттук коопсуздук комитети бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, ал бирдиктүү реестерге 2021-жылдын 7-июнунда катталган. Кылмыш ишинде Эрнест Рысманов менен Эржигит Пасанов Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган.
Пасанов Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты, айыл өкмөт башчысы болгон. Аны 2014-жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламенттин трибунасында уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышта делген 19 жергиликтүү депутат жана чиновниктерден турган тизмени жарыялаган. Ал тизмеде Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Эржигит Пасанов "кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деп аталган. Бирок Э.Пасанов өзү бул маалыматты төгүндөп, кылмыш дүйнөсүнө байланышы жоктугун билдирген. Ал 2016-жылдан 2021-жылдын октябрь айына чейин Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.
Улуттук коопсуздук комитетинин козгогон кылмыш ишинде Пасанов президенттик админстрациянын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Алмамбет Салиевдин жакын адамы экендиги, анын "көмөгү менен Рысманов «Акнет» компаниясын рейдерлик басып алууга аракет кылган" деп айыпталат.
Кылмыш ишинде көрсөтүлгөндөй, Пасанов менен Рысманов «Акнеттин» үч негиздөөчүсүн тең коркутуп, жыйынтыгында экөөнүн, тагыраагы, Абдумажитов менен Кутановду мажбурлап, компаниянын президенти Ажимудиновду кызматтан алуу, анын ордуна Нурбек Абаскановду дайындоо жөнүндө эки чечим чыгартып алышкан. Компаниянын жетекчилигин алмаштырып, өз карамагына алган соң Ак үйдөгү Салиевдин жана Ички иштер министрлигиндеги таасирдүү кызматтагылар аркылуу компаниянын дивиденддери менен кирешесин өздөрүнө жана колдоочуларына мыйзамсыз алып алышкандыгы жазылат.
Кийин белгисиз себептер менен Рысманов абактан бошонуп кетсе, Пасанов үй камагына чыккан. Пасанов 2021-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоого №10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округунан катышса, Рысманов өлкөдөн сыртка чыгып кеткени маалым болот.
Ал эми Руслан Абдумажитов менен Эрнест Рысмановдун байланышынын бир үзүмү мындан башка дагы бир компанияда көрүнөт.
Osoo.kg порталынын базасындагы маалыматтар боюнча Абдумажитов Абдикадыр уулу Нурбек аттуу жаран менен бирге 2019-жылдын ноябрында «Биг-ЭР Диджитал» деген фирма түзгөн. Фирма санарип технологиялар жаатында иштөөгө багытталган. Абдумажитов бул компаниядагы үлүшүн 2020-жылдын 16-июлунда Рысмановго өткөрүп берген.
Атамекендик инвесторлордун тагдыры
«Акнет» интернет компаниясы 1998-жылы түптөлгөн. Жыйырма жылдан ашуун өлкө казынасына жүз миллиондогон сом салык төккөн атамекендик ири ишканага өсүп жеткен компаниянын үч негиздөөчүсүнүн ыркы 2018-жылы бузулган. Ошондон берки талашып-тартышуу, күмөндүү кишилердин кийлигишүүсү, куугунтук жана соттошуулардын айынан үчөө үч башка жакка кеткен.
Негиздөөчүлөрдүн бири Аскар Кутанов саламаттыгына байланыштуу Польшада дарыланып жүргөнү айтылат. Кубан Ажимудинов 2019-жылдын май айынан бери абакта отурат.
Бул макала даярдалып жатканда Аскар Кутанов менен байланыша албай койдук. "Азаттык" ага дагы микрофон берүүгө даяр.
Руслан Абдумажитов жеке коопсуздугунан улам учурда чет өлкөдө жүрөт. Бирок анын кайсы өлкөдө экендиги беймаалым.
Орусиядагы ачык булактардагы маалыматка ылайык, Абдумажитов Орусиянын жараны. Калининград шаарында ишкердик кылат. 2021-жылдын 16-мартында Калининграддын салык кызматында жеке ишкер катары катталган. Ишмердигинин түрү - кыймылсыз мүлктү ижарага берүү жана башкаруу.
Орусиянын маалымат базаларында Абдумажитовдун мындан тышкары «Арт» деген фирмасы бар. Компьютердик программаларды иштеп чыгуучу бул фирма 2021-жылдын 8-апрелинде катталган, уставдык капиталы - 1 млн рубль. Негиздөөчүсү да, жетекчиси да өзү.