Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

«Акнеттеги» араздашуунун аягы көрүнбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жүз миң кардары бар «Акнет» компаниясынын кожоюндарынын үлүш талашы коомчулуктун ачык талкуусуна чыкты.

Мындан бир күн мурун «Акнет» компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов бир нече кылмышка шектүү катары кармалган. Бүгүн болсо анын дагы бир кожоюну Руслан Абдумажитов «компания рейдерлик басып алууга кабылды» деп жарыя салды.

1998-жылы негизделген «Акнет» компаниясында дээрлик бирдей үлүшү бар үч кожоюн бир пикирге келе албай соттошуп жатышат. Кожоюндардын талашына «Акнет» компаниясынын пайдасы жашырылып жатканы себеп болгону айтылууда.

Компанияда 33,33% үлүшү бар Руслан Абдумажитовдун жактоочусу Азамат Асанбеков мекеменин кожоюндарына дивиденд төлөнбөй жатканын, чыгымдар жасалма жол менен көбөйтүлүп, пайда азайып кеткенин басма сөз жыйынында ортого салды:

«“Акнетке” жылына 1 миллиард сом акча түшүп атат. Бирок чыгымдар жылдан жылга көбөйүүдө. Компаниянын бир жылдык чыгымы 300-400 миллион сомдун тегерегинде. Акыркы жылда, мисалы, ИИМ тараткан маалыматты карасаңыз, 2018-жылдын этегинде компанияга 1 миллиард сомдон ашык акча түшкөн, бирок таза пайда болгону 196 миллион сомду гана түзгөн. Ошондон улам казып келгенде ИИМ үч айда 14 миллион сом негизсиз чыгымды таап чыккан. Бул чыгымдар кылмыш иши козголуп турган учурда коротулган. Ал эми кылмыш иши козголбой, компания менен эч кимдин иши жок кезде мындай негизсиз чыгымдар канча болгонун элестете бергиле. Өзүңөр да эсептеп көрсөңөр болот. Бир жылда 800 миллион сомду коротуш үчүн бир жылда күн сайын 2 миллион сомдон чыгым тартыш керек болот. Эгерде жалаң иш күндөрүн эсептегенде күн сайын 3 миллион сомдон коротуш керек болот. Бул компания күн сайын 2-3 миллион сомдон акчаны каякка коротот?»

Адвокаттын айтымында Руслан Абдумажитов «Акнет» компаниясынын кирешелери жашырылып, салык төлөнбөй жатканы боюнча укук коргоо органдарына былтыр арыз жазган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Абдумажитовдун арызын текшерген учурда бир нече мыйзам бузуу аныкталган. Жактоочу Азамат Асанбеков Финансы полициясы өзү тапкан кылмыштарды акырында кайра өзү жашыра баштаганын айтты:

«“Акнет” компаниясынын президенти салыктардан качып, салык туура эмес төлөнүп жатат» деп Руслан Абдумажитов президентке кайрылган. Ал арыз боюнча иликтөөдө табылган иштер козголуп келатып эле акырында кыскарып кеткен. Ошол иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ок-дарылар табылган, «Акнеттин» азыркы жетекчилиги ошолордун баарын иликтөөгө тоскоолдук кылып, документтерди бекитип атат. Ага карабай баштапкы эле текшерүү учурунда 157 миллион сом салык төлөнбөй калганы ачыкка чыкты. Андан башка да көп мыйзам бузуу ачыкка чыккан. Бирок Финпол ал иштердин баарын кыскартып койгон».

«Акнет» компаниясынын тегерегиндеги ызы-чуудан улам 33,34% үлүшү бар Кубан Ажимудинов президенттик милдетти өзүнүн кызы Гүлнара Ажимудиновага өткөрүп берген. Ага каршылаш тарап болуп аткан Руслан Абдумажитовдун айтымында, Гүлнара Ажимудинова президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалары менен Руслан Абдумажитовго ылым санаган кишилерди жумуштан бошотуп жиберген. Ал арада Ички иштер министрлиги Кубан Ажимудиновду баш кылып, «Акнетке» байланышы бар «Строй сеть» компаниясынын башкы директору менен башкы эсепчисин «ишенип берилген мүлктү менчиктеп алган» деп айыптап камакка алганын жарыялаган.

«Акнет» компаниясында 33,33% үлүшү бар кожоюндардын дагы бири - Аскар Кутанов. Ал «Акнеттеги» ишкер өнөктөшү Кубан Ажимудинов менен 40 жылдан бери достук мамиледе жүргөн. Азырынча Кутанов өзү негиздеген компания тууралуу жарытылуу билдирүү жасай элек. Бирок анын ишенимдүү өкүлү Зарылкан Токтосунова Аскар Кутанов компанияны сактап калыш үчүн өнөктөштөр менен сүйлөшкүсү келип жатканын ачыкка чыгарды:

«Буга чейин Аскар Кутанов компанияны башкаруу укугун жана өзүнө таандык 33.33% үлүштү толугу менен Кубан Ажимудиновдун башкаруусуна өткөрүп берүүгө макулдук берген ишеним кат жазып берген. Ал азыр Кубан Ажимудиновго жана Гүлнара Ажимудиновага берген ишеним каттарын кайра чакыртып алды. Аскар Кутанов компанияны сактап калыш үчүн мындан ары бардык тараптар менен сүйлөшүүгө, мунасага келүүгө макул. Бирок азыр ал ооруканада жатат».

Руслан Абдумажитов «Акнет» компаниясындагы 33,33% үлүшүн сатууга да даяр экенин, эгер сатып алышпаса андан ары ишти улантуу үчүн сүйлөшүүлөргө, мыйзамдуу иштөөгө өтүүгө даяр экенин билдирди:

«Менин бир гана талабым бар. «Акнет» мурдагыдай эле мыйзамдуу иштеп, салыктарды төлөшү керек. Ал үчүн кааласа сырттан башкаруу киргизели. Мен ага да даярмын. Азыр «Акнетке» кошумча каражат салуунун кереги жок. Компаниянын иши жолго коюлган. Мындан ары анын мыйзамдуу иштешин көзөмөлдөп гана отуруш керек. Буга чейин алар менин 33,33% үлүшүмдү сатып алууга бир тыйын да сунуш кылышкан эмес. Тек гана мени кууганга аракет кылышкан. Бул рейдерлик басып алуу эмей эмне?»

Журналисттер барган учурда «Акнеттин» имаратынын эшиги кулпуланып турган экен. Мекеменин кызматкерлери муну түштөнүү убактысы менен түшүндүрүштү. Бир нече убакыт күтүүдөн соң мекеменин эшиги ачылды. Бирок ишкананын кассасы, эсепканасы жана жетекчинин эшиги кулпулануу болуп турду. Руслан Абдумажитов «Акнеттин» эшиги эч качан түшкү эс алуу маалында жабылбаганын эске салды. Мекеме кызматкерлери түштөнүү маалында мекеменин жабылышы жаңы эреже экенин айтышты. Кыскасы «Акнеттин» имаратында жетекчини күтүүдөн майнап чыккан жок. «Акнеттин» президентинин милдетин аткарып отурган Гүлнара Ажимудиновадан жооп алууга мүмкүн болбоду.

Ажимудиновдор өздөрүнүн дарегине айтылган дооматтар боюнча эч кандай билдирүү тарата элек. Бирок аталган компаниянын өкүлдөрү мекеме штаттык режимде иштеп жатканын, тергөө иштери кардарларды тейлөөгө таасир этпей турганын кабарлашты.

Буга чейин дал ушул Кубан Ажимудинов «Акнет» компаниясы рейдерлик басып алууга кабылганын жарыялаган эле. Ал тургай «Кубан Ажимудиновдун иш бөлмөсүнө кирип, компания иштеп тапкан пайданын 33% бандиттер талап кылып жатат» деп видео тасма да таратышкан. Кийинчерек Ажимудиновдун иш бөлмөсүнө кирип, пайданын 33% талап кылып жаткан жаран компанияда 33,33% үлүшү бар Руслан Абдумажитовдун ишенимдүү адамы болуп чыккан. Руслан Абдумажитовдун билдиргенине караганда «Акнет» компаниясынын бир жылда айланткан акчасы 1 миллиард сомдон ашат.

«Акнет» компаниясында 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын 300дөн ашууну патенттик негизде айлык алышат. Учурда «Акнет» компаниясынын карамагында ачылган дагы 11 фирманын аты белгилүү. Алардын ичинен «Kasis», «Строй Сеть» жана «Бижин» компанияларына «Акнеттин» көп каражаттары которулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG