Ош: ит капкан 17 адам ооруканага кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

1-июнда Ош шаарында жолбун ит 17 адамды каап, алар ооруканага кайрылды. Бул тууралуу калаанын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборунун кызматкери Дилорам Исламова "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ону жаш балдар болгон. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, эмдөөдөн өтүшкөн.

Шаардыктарды капкан жолбун ит жок кылынган. Жаныбарда кутурманын бар-жогу такталып жатат.

Былтыр 19-сентябрда Ош шаарында 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылган болчу. (AAb\JsA)

Дагы караңыз

Сот Алексей Ширшовдун үй камактагы мөөнөтүн эки айга узарттыЗеленский: Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жататДепутат "Достуктагы" чек арачыларды акча алууга айыптады