Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Зеленский: Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат


Донецк облусу. 30-май 2022-жыл
Донецк облусу. 30-май 2022-жыл

Куралдуу кармаштарда Украина күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Newsmax америкалык интернет басылмасына берген интервьюда билдирди.

“Украинанын чыгышындагы абал абдан оор. Күнүнө 60тан жүзгө чейин жоокерибиз окко учуп жатат, 550 чактысы жарадар болууда. Коргонуу позицияларыбызды кармап турабыз”, - деп айтты Зеленский.

Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу маалыматты сейрек ачыкка чыгарат. Орусиянын Коргоо министрлиги мартта 1531 аскери каза тапканын билдирип, ошондон бери маалымат жаңылана элек.

Апрелдин ортосунда Зеленский CNN телеканалына курган маегинде Орусия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин жоокери набыт болгонун, он миңдейи түрдүү жараат алганын айткан.

Президент канча карапайым кишинин өмүрү кыйылганын так аныктоо азырынча мүмкүн эмес экенин айтып, айрым аймактар оккупацияда калганын, урандылардын астында сөөктөр болушу ыктымал экенин белгиледи.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты Орусия кол салгандан бери украин жергесинде дээрлик 4 миң жөн-жай киши каза тапканын 25-майда билдирген.

XS
SM
MD
LG