Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Депутат "Достуктагы" чек арачыларды акча алууга айыптады


"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.
"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чек арачылар өзбек жарандарынан акча жыйнап жатат деп айыптады. Ал парламенттин 1-июндагы жыйынында бийликти бул маселе ге көңүл бурууга чакырды.

"Өзбекстан тарапта эч кандай кезек жок. Биздин чек арачылар жасалма тыгын жаратып, өзбек жарандарынан акча талап кылып, кыйнап жатышат. Бир күндө 10 миңден ашык адам кирип чыгат экен. Ошол жердеги жоон топ адамдар атайын уюшуп алып, 200 сом менен жете турган жерге 5000 сом деп кыйнашат экен», - деди депутат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы депутат Алишер Козуевдин сынына жооп берди.

Мекеме буга чейин дагы ушундай эле дооматтардан улам жергиликтүү бийлик жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-тур уюштурулуп, акча алуу фактылары аныкталбаганын билдирди.

Чек ара кызматы депутатты так фактыга таянууга, мындай билдирүү менен коомчулукту дүрбөтпөөгө чакырды.

Парламентте буга чейин дагы “Достуктан” өткөндөр акча төлөөгө мажбур болуп жатканы жөнүндө маселе көтөрүлгөн.(TSh)

XS
SM
MD
LG