Жекшембиде Кабулда аялдар укуктарынын чектелишине нааразылык билдирип, акцияга чыкты. Алар “нан, жумуш, эркиндик” деп ураан чакырышты.
“Талибан” кыймылы бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери аялдарга тиешелүү бир топ тыюуларды киргизди. Өлкөнүн көпчүлүк аймагында кыздар 6-класстан кийин окууга бара албайт. Акцияга катышкандар Билим берүү министрлигинин алдына чогулуп, “Билим алуу менин укугум! Мектептерди кайра ачкыла!” деп кыйкырып турду.
Демонстранттар бир нече метр жүрүш жасаган маалда талибдер өз күчтөрүн жөнөтүп, акция токтотулду. Бул тууралуу AFP агенттигинин кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда, алар кээ бир кыз-келиндердин чөнтөк телефондорун тартып алып, сүрөт, видео тартууга тоскоолдук кылышкан.
“Талибан” башкаруу ыкмасын өзгөртөөрүн убада кылганы менен оогандардын көбү жана чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү ага көп ишенбейт.
1990-жылдарынын ортосунда бийликке келгенде талибдер катаал саясат жүргүзүп, аялдар үйлөрүндө отуруп калган. Оюн зоокторго тыюу салынган, эрежелерге баш ийбегендерди калың эл алдында өлүм жазасына тартуу көнүмүшкө айланган.
Бир нече апта мурун ооган аялдары коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүрүүгө милдеттендирилген эле.
Дагы караңыз
Канн кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аталдыЧемпиондор лигасын "Реал" жеңип алдыMoppet Books басма үйүнүн "Эмне үйрөнө алам?" китептер топтому кыргызчаландыКыргызстандыктарды Жапонияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлдүКоопсуздук кеңешинде Аскердик доктринанын жаңы долбоору каралат