Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Коопсуздук кеңешинде Аскердик доктринанын жаңы долбоору каралат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бүгүн, 29-майда президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн салтанатта сөз сүйлөп жатып мамлекет башчы жакынкы күндөрдө Коопсуздук кеңешинде Кыргызстандын Аскердик доктринасынын жаңы долбоору карала турганын айтты. Анда Куралдуу күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.

"Биз эл аралык кырдаал ыкчамдык менен өзгөрүп жаткан маалда жашап жатабыз. Дүйнөнүн ар кайсы региондорунда болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар божомолго сыйбаган масштаб жана кесепеттер менен мүнөздөлүп жатканына жалпыбыз күбө болуп турабыз. Маалыматтык жана үгүт иштери менен катар куралдуу күрөштү жүргүзүүнүн аскердик эмес башка ыкмалары да басымдуулук кылып жатканы байкалууда. Азыркы шарт Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылууда. Меймандостугу менен таанымал Кыргызстаныбыз өзүнүн аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо жана коргонууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзө турганын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу күчтөрдү чыңдоо – эң башкы милдетибиз", - деди президент Жапаров.

Жапаров 2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техникалар алына баштаганын белгилеп, аскер кызматкерлерине акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде Куралдуу күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча жаңы сунуштар каралып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрдүн күнү.

Эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы, 29-майда негизделген. 1993-жылы Коргоо министрлиги түзүлгөн.

Кыргыз армиясы үчүн 1999-2000-жылдардагы "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук тобунун согушкерлери менен күрөш чоң сыноо болгон. 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен өлкөнүн Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия жана ички аскерлер бириктирилип, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы болуп түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG