Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстандыктарды Жапонияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлдү


Иллюстрация сүрөт. Жапония.
Иллюстрация сүрөт. Жапония.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Жапониянын кесиптик бирлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Жапон таануу институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Биздин министрликке Кыргызстандан сырткары иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу милдети коюлган. Буга миграциялык каттамдарды тартипке салуу, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу кирет. Ошондуктан министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат. Ал социалдык пакетке татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет", - деди келишимге кол коюу учурунда министр Кудайберген Базарбаев.


Министр кыргызстандыктар иштегени кетип жаткан өлкөлөрдүн тизмеси кеңейип жатканын, алардын арасында жарандар Улуу Британияга, Түштүк Кореяга жумушка кетип жатканын, өлкөлөрдүн тизмеси дагы кеңейе турганын кошумчалаган.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын жарандарын Жапонияга жумушка орноштуруу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында биринчи топ ушул жылдын аягында жөнөп кетет.

Буга чейин Кыргызстандык жарандарды Германияга кызматка орноштурууга багытталган келишимге кол коюлган. 19-майда Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөп кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG