Аба ырайы: Жаан жаап, тоолорго кар түшөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 29-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында жаан болот.

Бийик тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда сел кетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5°.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

УКМК аткезчилик менен унаа ташыган канал аныкталганын билдирдиИранда имарат кулагандан кийин чыккан нааразыларга көздөн жаш агызуучу газ колдонулдуДүйшөмбүдө Ооганстан маселесин талкуулаган жыйын өттүЖапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу көп өлкөлөрдү бириктирет