Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

УКМК аткезчилик менен унаа ташыган канал аныкталганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын аймагына автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 18-мартта Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда, тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Сурак учурунда автоунаанын ээси бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иш козголгон. Келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргызстандын аймагына ушундай жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алып келинген. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, ага каршы күрөшүү талаптары жергиликтүүлөр тарабынан көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG