Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Дүйшөмбүдө Ооганстан маселесин талкуулаган жыйын өттү


Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Ооганстан маселеси боюнча Коопсуздук кеңешинин катчыларынын кезектеги жыйыны өттү.

Аймактык дилогго сегиз өлкөнүн: Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук кеңшинин катчылары, өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага Кыргызстандан Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов барган. Ал Ооганстандагы коопсуздук маселелеринде, анын ичинде бул өлкөнүн азыркы жетекчилигинин аракеттеринин натыйжасында оң жылыштарга үмүттөнө турганын айткан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык диалог учурунда тараптар Ооганстандагы кырдаалдын мүнөзү, андан келип чыгуучу чакырыктар жана коркунучтар тууралуу пикир алмашты. Көйгөйлөрдүн бүткүл комплексин талкуулоо менен Ооганстандын келечегин бул өлкөнүн калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен оогандар өздөрү курушу керек деген пикирге келишкен. Терроризмге, баңги аткезчилигине, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү жаатында көп тараптуу кызматташтыкты активдештирүү менен бирге Ооганстандагы азыркы эл аралык процесстерге тартуу зарылдыгы белгиленген. Гуманитардык жана экономикалык каатчылыктан чыгууда жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү экени айтылган.

Буга чейин ушундай эле жыйын Индиянын баш калаасында өткөн. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин, Иран жана Орусиянын коопсуздук жаатындагы расмий өкүлдөрү катышкан.

Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG