"Акнетте" Орусиянын мамлекеттик телеканалдары көргөзүлбөй калды

Акнет компаниясы.

"Акнет" компаниясы Кыргызстанда Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) көрсөтүүлөрү токтотулганын билдирди.

"Эл аралык спутниктерде ВГТРК телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу жабылды. Ушул себептен Орусиянын маданияты, Орусия 24, Звезда телеканалдарды убактылуу көрсөтүлбөйт", - деп айтылат маалыматта.

"Акнет" компаниясы учурда туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруу иштери жүрүп жатканын, иштер бүтөрү менен эфир берилерин айткан.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарына кеткен чыгымын кескин көбөйткөнү маалымдалган.

Украинада үч айдан бери согуш болуп жатат. Батыш өлкөлөрү кол салуу үчүн Орусияга бир катар санкцияларды салган. "Кара тизмеге" Орусиянын пропагандалык маалымат каражаттары жана медиа тармагында иштеген айрым адамдар да илинген. (МТа)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кезексиз жыйын өткөрдү Чоң-Алайда автоунаага жүктөлгөн контейнер кулап үч адам каза таптыУкраина Батышты оор куралды эрте берүүгө чакырды Кумтөр: жарака кеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлдү