Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Кумтөр: жарака кеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлдү


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Бул тууралуу "Азаттыкка" “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Ал ушул тушта Кумтөргө бара жатканын, соңку окуя кен казуу иштерине таасирин тийгизгенин, буга байланыштуу пландар өзгөрөрүн кошумчалады.

"Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот".

Мунун алдында катуу жааган жаан-чачындан улам Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон.

"Азаттыктын" булактарынын билдиришинче жарака карьердин чыгыш капталындагы жерден кеткен.

Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн жана комиссия бир жума аралыгында карьердин чет жактарындагы жердин жылышынын тездешинин себептерин аныктап, чара көрүү боюнча "Кумтөр Голд Компани" ишканасына сунуштарын бериши керек.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген.

XS
SM
MD
LG