Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Украина Батышты оор куралды эрте берүүгө чакырды


Северодонецк шаары. Украина, 22-май 2022-жыл
Северодонецк шаары. Украина, 22-май 2022-жыл

Орусиянын куралдуу күчтөрү Донбасста алга жылып, Луганск облусундагы негизги эки шаардын ортосундагы кан жолду кыска убакытка ээлеп алды. Жикчилер Северодонецк шаарын курчашканын айтууда, бирок Киев бул маалыматты тастыктаган жок.

Украин куралдуу күчтөрүнүн 26-майда кабарлаганына караганда, орус армиясы өлкө чыгышында 40 чакты айыл-кыштакты аткылады.

Салгылашуу Северодонецк шаарынын жака белинде жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, шаар бир жарым жумадан бери бомбалоого, аткылоого дуушар болууда, турак үйлөрдүн 90 пайызы жабыркады.

Жергиликтүү аскердик-жарандык администрациянын башчысы Александр Стрюк NV радиостанциясына билдиргендей, согушка чейин жергиликтүү калктын саны 100 миң болсо, калган 12-13 миң тургундун көбү жер төлөдө башкалкалап келет.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай социалдык тармактардагы интервьюда орустардын “50 чакты” аскери Северодонецк менен Лисичанск шаарларын туташтырган трассага чейин жетип, кыска убакытка ал жакты көзөмөлгө алып, көп узабай “чегинүүгө мажбур болгонун” айтты.

Губернатор украин күчтөрү акырындык менен айрым позицияларын калтырып кетип жатканын, “кармашты эмес, согушту жеңүү керектигин” кошумчалады.

Северодонецк менен Лисичанск куласа, анда облус толугу менен орустардын көзөмөлүнө өткөн болот. Бул - Кремлдин “атайын операцияны” баштап жатканда алдына койгон максаттарынын бири болчу.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Москва колдогон жикчилерге шилтеме кылып, алардын колунда украиналык 8 миңдей согуш туткуну кармалып жатканын билдирди. Бул маалыматтын чын-калпын билүү мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин администрациясынын кеңешчиси Алексей Арестович орус армиясы “Лисичанск жана Северодонецк багытында тактикалык ийгиликке жеткенин, ал өз кезегинде андан чоң утушка алып келиши мүмкүн экенин” эскертти.


Майдандагы ушундай өнүгүүлөргө карабай, Германиянын канцлери Олаф Шольц акыркы үч ай Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту жеңе албай турганын көрсөттү деп билдирди.

Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун акыркы күнүндө сүйлөп жатып, Шольц орус армиясынын Украинаны басып алуу ыктымалдыгы кыйла төмөн экенин айтты.

26-майда Британиянын аскердик чалгын кызматы орусиялык аба-десант аскерлери согушка активдүү катышканын, көп жоготууларга учураганын жаңы бюллетенинде жазды. Бирок конкреттүү сандарды маалымдаган жок. Орусиянын Коргоо министрлиги британдардын билдирүүсүнө реакция кыла элек.

Шаршембиде Путин Мамлекеттик кеңештин жыйынында Украинадагы атайын операцияга катышкан аскерлерге кам көрүү керектигин белгиледи:

"Бардык аскерлердин социалдык камсыздоо маселесин тез чечишибиз керек. Өзгөчө жараат алгандарга, албетте каза болгондордун үй-бүлөсүнө колдоо көргөзүү, каражат, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында толук көлөмдө берүү зарыл".

Москва украин согушунда канча аскеринен ажыраганын 25-марттан бери ачыкка чыгара элек. Анда 1351 аскер кызматкеринин каза болгонун билдирген. Каршы тарап мындан эселеп ашкан санды айтып келет.

Украин бийлиги Батышты оор курал менен камсыздоо ишин ыкчамдатууга чакырууда.

Мамлекет башчы Владимир Зеленский шаршембидеги кайрылуусунда Киев Орусия менен согушка чекит коюу үчүн өз аймагынын бир карыш жеринен баш тартпай турганын кайталады жана айрым өнөктөштөрдү сындады:

"Орусия кандай иштерге барбасын, алардын кызыкчылыктарын эске алуу керек деген бирөө табылат. Украинага миңдеген ракета атылганына, он миңдеген украиналыктын өмүр кыйылганына, Буча менен Мариуполго карабай, Давосто да ошондой ой айтылды".

Мунун алдында Давосто АКШнын мурдагы Мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер Киев Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды аларга калтырыш керек деген сунушун айткан.

Киевдеги эл аралык социология институту жакында жүргүзгөн сурамжылоого караганда, сөзгө тартылган украиналыктардын 82 проценти тынчтык орнотуу үчүн өлкөнүн аймактарын тарттырып жиберүүгө даяр эмес.

Орусия басып киргенден бери украин жергесинде дээрлик 4 миң жөн-жай киши каза тапканын 25-майда БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты билдирди. Алардын 259у жашы жете элек балдар. 4,5 миңден ашуун киши жарадар болду. 6 миллиондон көбү качкынга айланды. 8 миллиондон ашыгы там-ташын таштап, өлкөнүн ичинде жер которууга аргасыз болду, басымдуусу аялдар менен балдар.

XS
SM
MD
LG