Ош: 18 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып эки жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 18 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып эки жаран кармалганын "Азаттыкка" шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркаган кыз 17-май күнү милицияга арыз менен кайрылып, анда эки бала аны паркта эркине каршы зордуктаганын жазган. Айыпталуучулар кызды окуя болгон жерге таштап кеткен.

Шектүүлөр 19-майда кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалган балдарды кыз тааныган. Учурда жабырлануучу коопсуз жайда экенин Ош шаардык милициясы билдирди. «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Ош шаардык соту шектүүлөрдү тергөө аяктаганча эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. (AАb)

Дагы караңыз

Бишкек: Панфилов паркындагы кафеде өрт чыктыЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери онлайн жыйын курдуТехас: мектептеги куралдуу кол салууда 18 окуучу жана мугалим мерт болду Мектептерде мындан ары апта башында жана аягында гимн ырдалат