Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери 24-майда видео байланыш аркылуу жыйын курду. Кыргызстанда Коргоо министрлиги анда ймактагы жамааттык коопсуздукка байланыштуу маселелер жана 2013-жылдагы иш-чаралар талкууланганын кабарлады.
Өткөн аптада Ички иштер министрлиги Бишкекте (ЖККУнун "Кобальт-2022" атайын тактикалык машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр башталганын билдирген. Бул машыгуу ушул жылдын август айында Ысык-Көлдө өтөт.
Москвада 16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышкан. Аталган уюм 1992-жылы негизделген жана алты өлкө: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.