Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш ишинин алкагында 72 саатка камалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Марианна Кёрпек маалымдады.
Шейшембинин таңында Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы менен Коопсуздук жана маалымат кызматы Додондун үйүндө жана башка 11 имаратында тинтүү жүргүзүп жаткан. Ал мекенин сатууга, мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип жатканы айтылган.
Молдованын прокуратурасы Додонго каршы кылмыш ишин 18-майда козгогон. Анда ал молдавалык олигарх Владимир Плахотнюктан пара алууга айыпталган. Иштин алкагында жарыяланган видеодо 2019-жылы ошол учурдагы президент Игорь Додонго Плахотнюк кара пакет берип жатканы тартылган. Додон аны кармаган эмес, бирок “сиз дагы капчык менен келдиңизби?” деп айтып, жанындагы жардамчысына бердирген. Видеодо Додон менен Плахотнюк парламентте көпчүлүктү түзгөн коалиция түзүү тууралуу да сүйлөшкөн. TV-8 телеканалы кабарлагандай, анда Додон "Путинге дайым кат жазып турганын улам-улам айтып жатканы" көрүнөт.
Видео интернетке жарыялангандан кийин Коррупцияга каршы прокуратура башында кылмыштын белгилерин аныктабаганы, сот дагы экс-президентке кылмыш ишин ачууга макулдук бербегени айтылган.
Өткөн аптада Кишинёвдун Апелляциялык палатасы соттун ал чечимин жокко чыгарган. Додон өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп келет.
Владимир Плахотнюкка каршы ири финансылык алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иши иликтенип жатат. Орусияда ал кылмыштуу ишмердүүлүк жөнүндө бир нече кылмыш иште шектүү катары өтүүдө. Москва ага эл аралык издөө жарыялаган.
Игорь Додон орусиячыл саясатчы деп эсептелет. 2016-2020-жылдары президент болгон. Мамлекет башчы катары Москвага бир нече жолу барган, Орусиянын борборундагы Кызыл аянттагы Жеңиш параддарына тынбай катышып турчу. (ErN)
Дагы караңыз
Апышев: колдонулбаган ИВЛ аппараттарын Орусия кайра албай жатат Министр Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу маалымат бердиКумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берилет Ош, Жалал-Абад облустарында аскердик машыгуу өтүп жатат