Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Ош, Жалал-Абад облустарында аскердик машыгуу өтүп жатат


Коргоо министрлиги тараткан сүрөт.
Коргоо министрлиги тараткан сүрөт.

Коргоо министрлиги 24-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында "Коопсуздук-2022" жана "Түштүк-2022" аскердик машыгуулары башталганын билдирди.

26-майга чейин боло турган машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Ноокат жана Ала-Бука райондук администрациялары, ӨКМ, УКМК, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү катышууда.

Машыгууда стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлууда. Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү калкты эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды уюштуруу жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарын жайылтууну практика жүзүндө көрсөтөт.

Ош шаардык мэриясы калаа тургундарын аскерлерден жана техникалардан чочулоого негиз жок экенин, бул жөн гана машыгуу болорун эскертти.

Былтыр апрелде Баткен облусунда“Коопсуздук-2021” “Калыптандыруу-2021” деп аталган ири масштабдуу машыгуулар өткөн. (МТа)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG