Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Апышев: колдонулбаган ИВЛ аппараттарын Орусия кайра албай жатат


"Авента-М" аппараттарын "Ростех" мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.
"Авента-М" аппараттарын "Ростех" мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.

"Дастан" ишканасынын башчысы Эрик Апышев коронавирус пандемиясы маалында Орусиядан алынып келип, колдонулбай калган өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппаратты (ИВЛ) ошол завод кайра албай жатканын билдирди. Апышев бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 24-майдагы жыйынында билдирди.

Айрым депутаттар жабдуулар кайра кайтарылып берилбей жатканын, мамлекеттин бюджети чыгашага учурашы ыктымалдыгын айтып сынга алышты.

Буга чейин "Дастан" заводу бул аппараттарды ортомчулар аркылуу сатып алганы белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги аны баасы жогору болгондуктан, сатып алуудан баш тарткан. Бул маселе Жогорку Кеңеште буга чейин дагы көтөрүлүп, өндүрүшчү фирма менен “Дастандын” ортосунда түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келери айтылган.

Быйыл жыл башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аппараттардын акчасы төлөнүп берилбегендиктен эки жылдан бери кампада туруп калганын, өкмөт аны төлөп Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп бергени жатканын билдирген.

Айрым маалыматтарга караганда, сөз "Авента-М" аппараттары тууралуу болуп жатат.

Орусияда коронавирус болгон бейтаптар дарыланган ооруканаларда ушул аппараттын айынан өрт чыгып, адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган. Мындан улам айрым мамлекеттер бул жабдууларды колдонуудан баш тартып, кайтарып берген фактылар болгон.

"Авента-М" аппараттарын "Ростех" мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.

XS
SM
MD
LG