23-майдан тартып 27-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрө турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Боом капчыгайында саат 9дан 15:00гө чейин жолдун бир тарабы улам жабылат.
Эгер топтолгон машинелердин саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.
Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгай аркылуу өтөт. (КЕ)
Дагы караңыз
Байден, Фриман баш болгон 963 америкалыктын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынды Чек арадагы жол кырсыгында жараат алган беш киши ооруканада жатат Эрдоган Швеция жана Финляндиянын башчыларына талаптарын кайталадыМилиция тоодо тапанча аткан кыз кармалганын билдирди