Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:00

Чек арадагы жол кырсыгында жараат алган беш киши ооруканада жатат


Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022
Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде болгон жол кырсыгында жабыргандардын абалы боюнча "Азаттыкка" маалымат берди. Анын айтымында, кырсыктан ар кандай жараат алган беш бейтап учурда Айдаркендеги ооруканада жатат. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

"Ооруканада жаткандар өтө оор жаракат алышкан эмес. Баш-мээси чайкалып, бир жери сыйрылып, көгөргөн, катуу тийген учурлар. Абалдары орточо оор, тийиштүү дарыларды алып жатышат. Дарыланып жаткандардын экөө жаш балдар, алардын дагы мээси чайкалган".

Ооруканага кайрылгандардын үчөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Каза болгон сегиз жарандын, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкеринин сөөгү тийиштүү экспертизалардан кийин туугандарына өткөрүлүп берилген. Алардын бири Өзбекстандын жараны.

21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжайдагы Чечме айылында катуу жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстан менен чек арадагы “Чечме” өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен.

Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа)аталган министрликке караштуу болгон. Мекеме кызматкерлер сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга баратканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG