Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Милиция тоодо тапанча аткан кыз кармалганын билдирди


Ички иштер министрлиги тоодо тапанчадан ок чыгарган кыз кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну болгон. Аны менен чогуу 37 жаштагы жаран милиция бөлүмүнө алынып келинген, тапанча ошого тийиштүү экени аныкталган. Юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү экспертиза дайындалды.

Буга чейин социалдык тармактарга тоолуу аймакта 20-25 жаштардагы белгисиз кыз тапанча атып жаткан видео тарап, талкуу жаралган. Айрымдар милициядан ага чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Милициянын маалыматына караганда, видео Бишкек-Ош жолунда, "Чычкан" капчыгайында тартылган. Аны кыздын досу тартып алып, социалдык тармактарга тараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG