Милиция тогуз жыл мурдагы кылмыш боюнча улут аралык кастыкты козуткандар жазаланарын эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы тогуз жыл мурдагы кылмышка шектүүлөр кармалганы боюнча окуянын тегерегинде улут аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар кылмыш жообуна тартыларын эскертти.

Бүгүн, 13-майда облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан эскертүүдө кылмыш тууралуу маалымат жарыялангандан кийин WhatsApp аркылуу кастыкты козуткан аудио билдирүүлөр тарап жатканы, мындай чагымга алдырбоо керектиги айтылды.

Мекеме эскерткендей, улут аралык кастыкты козуткандар Жазык кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде жазага тартылат. Бул берене боюнча соттолгондордун жазасы – 100 миң сомдук айып пулдан тартып жети жылга чейин эркинен ажыратуу.

Ысык-Атада 2013-жылы эки адамдын өлтүрүлүп, талаага жашыруун көмүлгөнү боюнча жергиликтүү эки тургун кармалганын милиция 11-майда кабарлаган. (RK)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура Ширшовго карата сот чечимдери УӨ мүчөлөрү бийликте турганда чыкканын билдирдиУкраина: орус армиясын алсыраткан чабуулЧолпон-Атада Issyk-Kul ITF 2022 көргөзмө-жарманкеси ачылдыЖапаров мамлекеттик ишканаларды Санарип министрлигине өткөрүү себебин түшүндүрдү