Бүгүн 13-майда Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси иштей баштады.
Эки күн бою "Рух Ордо" маданий борборунда туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана туристтерди тейлөө тармагынын башка да өкүлдөрү конокторго өз кызматтары тууралуу маалымат беришет.
2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Ысык-Көлдө туристтик сезон үзгүлтүккө учурагандан кийин бул тармак кайра эми гана жанданууда. (KS)
Дагы караңыз