Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Башкы прокуратура Ширшовго карата сот чечимдери УӨ мүчөлөрү бийликте турганда чыкканын билдирди


Башкы прокуратура
Башкы прокуратура

"Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовго карата актоо өкүмдөрү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликте турган жылдары чыккан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

"Азимбек Бекназаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын координатору болгон. Анда эмнеге сот Алексей Ширшовго карата актоо өкүмүн чыгарганда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жана ошол кездеги бийликке сын айтып чыккан эмес деген суроо жаралат", - деди башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катып, укук коргоо органдары ага карата 2010-жылдан бери кылмыш иштери ачылбаганы тууралуу маалымат бергенин жазган.

Ушул эле күнү 2010-жылы 7-апрелден кийин сот-прокуратура тармагына куратор болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго жооп иретинде Алексей Ширшовго 4-5 кылмыш иши ачылганын айтып, интервью берген.

12-майда Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин кабарлаган.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда. (МТа)

XS
SM
MD
LG