“Илимдеги кыздар”: 200 окуучу кыз тестирлөөгө даярдыктан өттү

Долбоордун катышуучулары.

“Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында 200 окуучу кыз жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктан өттү. Үч ай бою Бишкектин, Оштун, Чүй облусунун жана Ош облусунун Кара-Суу районунун 81 пилоттук мектебинен тандалып алынган кыздар үчүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-немис техникалык институтунда бекер STEM мектеп уюштурулду. Аларга STEM кесиптер тууралуу кеңири маалымат да берилди.

Уюштуруучулардын айтымында, окууга жакыр үй-бүлөлөрдүн, эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин кыздары катышты. Былтыр бул долбоорго катышкан кыздардын баары жогорку окуу жайларга өтө алышкан.

ЮНИСЕФ уюмунун “Илимдеги кыздар” долбоорун “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университети жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен бирге ишке ашырууда.

STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. (RK)

Дагы караңыз

Украинадагы согушту көргөн Дайырбек Байден Украинага "ленд-лиздин" негизинде курал-жарак берүү мыйзамына кол койду"Күйөөм алган аялдарынын баарын кордоду"Президент санарип валютаны киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди