Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:04

Байден Украинага "ленд-лиздин" негизинде курал-жарак берүү мыйзамына кол койду


Жо Байден Украинага ленд-лиздин негизинде курал-жарак берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Вашингтон. 9-май, 2022-жыл
Жо Байден Украинага ленд-лиздин негизинде курал-жарак берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Вашингтон. 9-май, 2022-жыл

АКШ президенти Жо Байден Украинага курал-жарак берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ак үйдүн маалыматына караганда, документте “согуштук аракеттер аяктамайынча ленд-лизге ылайык курал-жарак, аскердик жардам жөнөтүү” каралган.

Документ Конгресске январда, Орусия Украинага кол сала электе сунуш кылынган.

Украинанын башчысы Владимир Зеленский Байденге ыраазычылыгын айтып, мыйзамга кол коюу “тарыхый кадам болгонун” Твиттерге жазды.

“Биз кайрадан биргелешип жеңебиз. 77 жыл илгеркидей Украинадагы жана Европадагы демократияны коргоп калабыз”, - деп белгиледи Зеленский.

Мыйзам долбоорунда айтылгандай, АКШ президенти Орусиянын агрессиясынан жабыркаган карапайым жарандарды коргоо үчүн өкмөткө тиешелүү тапшырма бере алат.

Москва Укаинага кол салгандан бери Вашингтон Киевге 2,4 миллиард долларлык аскердик жардам бөлдү. 28-апрелде Байден Конгресстен дагы 33 миллиард доллар бөлүүнү сураган.

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда ушул өңдүү мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Кошмо Штаттар өнөктөштөргө аскердик техниканы жана азык-түлүктү алдын ала акы албай же узак мөөнөткө карызга берип келген. Ошондо негизги жардам СССРге берилген.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин апрелдин соңунда "АКШнын жардамын алуу менен украин президенти өз өлкөсүн карызга батырып жатат" деп айткан.

XS
SM
MD
LG