Акылбек Жапаров дарылануудан кийин ишке киришти

Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чет өлкөдөгү дарылануудан кайтып келип, ишке киришти. Бул тууралуу 10-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, аппарат кызматкерлерине жыйын өткөргөнүн маалымдады.

Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткендиктен, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө андан жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.

29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыккан.

Майдын башында медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга учуп кеткени кабарланган.

Акылбек Жапаров кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Январь окуясында Казакстанга жиберилген аскерлер президентке кайрылдыБишкекте кафеде сабалган индиялык жаран боюнча тергөө жүрүүдөКыргыз-казак чек арасындагы көмүскө схемаларКызгалдак талаасындагы окуянын чоо-жайы териштирилип жатат ЖАМК абактагы козголоң тууралуу кабарды четке кактыАКШ Украинадан болот импорттоого салынуучу салыкты убактылуу токтотту УКМК Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалганын билдирдиКыргызстан-ЕБ кызматташтыгынын 30 жылдыгы белгиленет