Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

Январь окуясында Казакстанга жиберилген аскерлер президентке кайрылды


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан кетип жаткан учуру. 14-январь, 2022-жыл.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан кетип жаткан учуру. 14-январь, 2022-жыл.

Казакстандагы январь окуяларында Алматы шаарына барган кыргызстандык жоокерлердин өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоп, күжүрмөн тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын ала албай жатканын билдирди. Кайрылуунун "Азаттыкка" жолдонгон бир нускасында:

"Урматтуу президент, сиздин буйругуңуздун негизинде 7-январь күнү Казакстандын Алматы шаарына күжүрмөн тапшырма менен барып, 15-январда аман-эсен кайтып келдик. Бирок ошол күжүрмөн тапшырма үчүн маянабызды ала албай жатабыз. Сураштырсак, Каржы министрлигинде чечиле элек дешти. Бизге иш сапар же күжүрмөн тапшырма үчүн эмгек акыбызды төлөп берүүсүнө колдоо көрсөтүп коюуңузду суранабыз", - деп жазылган.

Аскерлер президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Аскерлер президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Бул кайрылуу боюнча Кыргызстандын Коргоо министрлигине байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстан 7-январда Алматыга 150 жоокер жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарган.

Казакстанга ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

Токаев ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG