Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстан-ЕБ кызматташтыгынын 30 жылдыгы белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-майда Кыргызстанда Европа Биримдиги менен кызматташтыктын 30-жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт. Бишкекте, Ошто жана Караколдо Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге “Европа айылдары” деп аталган майрамдык акциялар уюштурулат.

Уюм менен кызматташуунун тарыхын, негизги багыттарын, келечек пландарын, мүчө мамлекеттердин маданиятын чагылдырган атайын программа тартууланат.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Жаңыртылган макулдашуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу соңку маалыматы быйыл 13-апрелде жарыяланган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине, туруктуу өнүгүүгө бурулары айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG