Кыргызстанда Жеңиштин 77 жылдыгына карата негизги иш-чаралар Бишкекте өтүп, Ошто жана Жалал-Абадда аталардын эрдигин эскерген жүрүш болду. Борбордо өлкө жетекчилигинин катышуусунда митинг-реквием өттү.
Жеңиштин 77 жылдыгына арналган негизги иш-чара Бишкектеги Жеңиш аянтында өттү. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.
Президент куттуктоо сөзүндө согушта ата-бабалар бейпил турмуш, эркин жашоо үчүн кан төккөнүн белгиледи.
“Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз. Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок”.
Бул ирет Жеңиш күнүнө карата аскердик техникалар менен парад болгон жок. Бишкек горнизонунун аскеринин өздүк курамы салтанат менен басып өттү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 ардагер Советтер Союзунун Баатыры аталып, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болгон.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, согушка катышкан ардагерлердин саны бүгүнкү күндө алтымыштын тегерегинде.
Бишкек шаарындагы согуштун ардагерлеринин бирикмесинин төрагасы Мелис Бейшеев согуш болбосун деген тилегин айтты.
“Европа талааларында 160 миңден ашык кыргызстандыктардын сөөгү калды. Мындай согуш эч убакта болбосун. Муну Улуу Жеңиш майрамы деп белгилеп жатабыз. Элибиздин маанайы жакшы. Себеби алаамат согуштун пайдасы жок, согуш болгон жерде эч качан ийгилик болгон эмес. Өлкөбүз, дүйнөбүз тынч болсун”.
9-майда Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда аталардын эрдигин эскерген жүрүш болду. Бишкектин "Түштүк дарбазасынан" башталган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышты.
Ош шаарындагы жүрүшкө согуштун ардагери Касымбай Жолдошев күбө болуп отурду.
“Ушул кубанычтуу күндү 77 жыл мурун тосконбуз. Баш кийимибизди ыргытып, командирлерди асманга ыргытып. Үйгө кетебиз дегенде апама согуш бүттү деп кат жазгам”.
Согуштун ардагеринин кызы Сакин Матисаева Жеңиш күнү ыраматылык атасын эскерерин айтат.
“Өлбөс полкту” өткөрүш керек. Ушул күндөрү жүрөгүбүз ооруйт. Анан келип, көргөндөн кийин жакшы болуп калабыз. Эскердик деп жүрөгүбүз тынчып калат. Менин атам концлагерде жаткан”.
Дагы караңыз "Өлбөс полк" жүрүшү аймактарда да өттүКыргызстан Жеңиштин 77 жылдыгын быйыл өзгөчө шартта белгилеп жатат. Аянтта аскердик парад өткөн жок. Ал эми “Өлбөс полк” жүрүшүндө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттар менен символдорду колдонбоого эскертүү берилди.
Ооруктун ардагери Карачач Чокморова Украинадагы согушка токтолуп, мындай алаамат эч кимге кереги жоктугун, ал бардык баалуулуктарды уурдай турганын белгиледи.
“Биздин көргөндү эч ким көрбөсүн. Согуш биздин балалыгыбызды уурдаган. Уруш башталганда жети жашта болчумун, апийим тердик, катуу иштедик. Эч качан согуш болбосун. Украинада эмне болуп жатат, баары ыйлап жатат. Балдар ыйлабасын”.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Президент Садыр Жапаров согуштун ардагерлерине президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүп, 100 миң сомдон ардагерлерге, майып болгондорго, концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына берилген.
Ошондой эле блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштегендер жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйлангандар, “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар алган.
Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 000 сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул берилген.