Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

"Өлбөс полк" жүрүшү аймактарда да өттү


Жалал-Абад. 2022-жылдын 9-майы.
Жалал-Абад. 2022-жылдын 9-майы.

“Өлбөс полк” жүрүшү бүгүн 9-майда аймактарда да өттү. Ошто жүрүш Ош улуттук драма театрынан башталып, борбордук аянттагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде аяктады. Мэриянын маалыматына караганда, ага 4 миңге чукул адам катышты.

Ош. 2022-жылдын 9-майы.
Ош. 2022-жылдын 9-майы.

Ош облусунда согуштун катышуучуларынан бешөө, ооруктун ардагерлеринен 400дөй адам бар.

Ош. 2022-жылдын 9-майы.
Ош. 2022-жылдын 9-майы.

Жалал-Абад шаарында "Өлбөс полктун" катышуучулары "Кайгырган эне" эстелигине гүл коюу менен жыйынтыкталды. Жалал-Абад облусунан согушка 30 миңден ашуун адам катышып, анын 18 миңдейи кайтпай калган. Учурда облуста согуштун 14 катышуучусу, ооруктун 21 ардагери бар.

Жалал-Абад. 2022-жылдын 9-майы.
Жалал-Абад. 2022-жылдын 9-майы.

“Өлбөс полк” жүрүшү бүгүн башка аймактарда да өттү.

Бишкекте, милициянын маалыматына караганда, ага 15 миңден ашуун адам катышты. Иш-чаранын коопсуздугун камсыз кылууга 3 миңдей милиционер тартылды.

Бишкек. 2022-жылдын 9-майы.
Бишкек. 2022-жылдын 9-майы.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын быйыл февралда билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин да катышкан. Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бул иш-чара соңку эки жылы онлайн форматта уюштурулуп келген. (RK/AAb/TB)

XS
SM
MD
LG